Кыргызстандык делегация Самарканд шаарында өтүп жаткан Матуридилик боюнча эл аралык конференцияга катышууда

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Руслан Мусаев 2025-жылдын 29–30-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында өтүп жаткан “Матуридилик – сабырдуулуктун, толеранттуулуктун жана агартуучулуктун таалими” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышууда.

Иш-чара дүйнөнүн 20дан ашуун мамлекетинен келген 70тен ашык катышуучуну чогултту. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Египет, Түркия, Малайзия, Индонезия, Бириккен Араб Эмираттары, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Пакистан, Азербайжан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген муфтийлер, диний аалымдар, илимий изилдөөчүлөр, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле диний билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү бар.

Конференциянын негизги максаты — исламдагы Матуридиликти терең изилдөө, анын толеранттуулукка, агартуучулукка жана коомдук ынтымакка кошкон салымын даңазалоо. Ошондой эле, дин менен коомдун өз ара алакасын чыңдоо, диний радикализмге каршы идеологиялык негиз түзүү жана конфессиялар аралык сабырдуулукту өнүктүрүү маселелери да каралууда.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар ортосунда илимий баяндамалар окулуп, тажрыйба алмашуу жүрүүдө. Бул конференция ислам илиминин өнүгүшүнө жана диний агартуучулук иштеринин сапатын жогорулатууга өбөлгө болоору белгиленүүдө.

Архив