Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү А.Мамбетов тарабынан Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жалпы кызматкерлерине жана өздүк курамына, ошондой эле Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү.
Иш-чаранын алкагында катышуучуларга “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, анын мазмуну жана колдонуудагы ченемдер тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле, мыйзамдын алкагында учурда жаралып жаткан көйгөйлөр жана алардын чечүү жолдору боюнча пикир алмашуулар болду.
Иш-чарага Ысык-Көл ОИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлдөрү, Жети-Өгүз районундагы мектептердин “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагын окуткан мугалимдери, Ысык-Көл облусунун казысы жана район имамдары катышты.
Жыйындын соңунда суроо-жооп форматында активдүү талкуу жүрүп, иш-чара продуктивдүү жана жемиштүү өттү.