Диний аялдар үчүн мамлекеттик дин саясаты жана репродуктивдик саламаттык боюнча окутуулар

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик «Мутакалим» АПКБ уюму менен биргеликте жана ЮНФПАнын колдоосу менен өлкөнүн түндүк аймактарындагы диний аялдар борборлорунун өкүлдөрү үчүн «Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат: аялдардын репродуктивдик саламаттыгына жеткиликтүүлүктү камсыздоо» темасында маалыматтык окутууларды өткөрдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун тренерлери да катышты.

Бул тренингдин алкагында катышуучуларга Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамынын негизги багыттары жана мамлекеттин дин саясатынын негизги аспектилери түшүндүрүлдү. Мындан тышкары, аялдардын репродуктивдик саламаттыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулуп, бул темалар диний көз караштардын негизинде да кеңири талкууланды.

Тренингдин жыйынтыгында диний аялдар борборлору үчүн мамлекеттик дин саясаты жана репродуктивдик саламаттык боюнча билимди коомчулук арасында жайылтууга багытталган сунуштар иштелип чыкты.

Ушундай эле иш-чаралар республикабыздын түштүк аймактарында 2025-жылдын 6–14-май күндөрү өткөрүлөт.

Архив