Ош шаарында “Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү

2019-жылдын 18-январында “Иммундаштыруу: мамлекет менен диний уюмдардын кызматташуусу” аталышындагы тегерек стол Ош шаарында  өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте жана ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун колдоосунда уюштурулган.

Учурда өз ыктыяры менен тообокелдикке салып, медициналык эмдөөдөн баш тарткан диний көз караштардагы ата-энелердин саны өсүп жаткандыгынан улам, анын кесепетинен ар кандай жугуштуу оорулар  балдар арасында көбөйүп жаткандыгы, эмдөөдөн баш тартуунун негизги себептерин жана аны чечүү жолдору боюнча талкуулар жүрдү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан, Бишкек жана Кыргызстан епархиясынан жана диний уюмдардан өкүлдөр катышышты.

Архив