Эки тараптуу кызматташуу

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов Казакстан Республикасынын Кыргызстандагы Элчисинин кеңешчиси Алмат Тоекин менен жолугушту.

Тараптар 2017-жылы кол коюлган Меморандумдун алкагында мындан аркы биргелешкен кызматташтыкты, ошондой эле дин чөйрөсүндөгү жаңы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Алмат Тоекин кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин айтып, КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешовду 2021-жылы Нурсултан шаарында өтүүчү Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин VII съездине чакырды.

Жолугушууда “Ислам жана Православие” аталышындагы эл аралык конференциянын өткөрүү максатынын маанилүүлүгүн жана конфессиялар аралык диалогдун, мамлекеттин диний уюмдар менен өз ара кызматташтыгы, ошондой эле диний сабаттуулук, коомчулуктагы толеранттуулук боюнча биргелешкен долбоорлорду жана иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча талкуулар жүрдү.

Архив