Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-августундагы № 277-б буйругунун негизинде, Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында (мындан ары - Бирдиктүү портал) ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун илгерилетүүнүн жүрүшү жөнүндө маалыматты берүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган.

         Бирдиктүү порталдын максаты ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу, жарандардын мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышуу боюнча конституциялык укуктарын ишке ашыруу болуп эсептелинет. 

         Кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу алсаңыздар болот http://koomtalkuu.gov.kg/ru


Архив