Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин чөйрөсүндө долбоордук иштерди жүзөгө ашырууга катышкан уюмдар менен координациялык жолугушуу өткөрдү

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы дин чөйрөсүндө долбоордук иштерди жүзөгө ашырууга катышкан уюмдар менен координациялык жолугушуу өткөрдү. 

Иш-чарада 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан жаштарынын арасында аялуулук, зордук-зомбулуктуу экстремизмге бөгөт коюу үчүн позитивдүү кабарчылык долбоору, окуу жана усулдук комплекстерди дискриминацияга каршы жана гендердик экспертизаларынын методологиясы, социалдык чөйрөдөгү өнөктөштүк мамилелерди чыңдоо маселелери каралды. 

Аталган жолугушууга мамлекеттик, эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чара Борбор Азия өлкөлөрүнүн туруктуулугун колдоо долбоору (Проект CASSS) жана Т. Джумакадыров атындагы Pro Lex коомдук фондунун колдоосу менен уюштурулду.

Архив