Нарын облусунда конфессиялар аралык диалогду бекемдөө максатында диний лидерлердин жолугушуусу өттү

Үстүбүздөгү жылдын 14-июнунда 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын иш-чаралар Планын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы Дин таануу изилдөө борборунун жана Кыргызстандагы "Жалпы кызыкчылыктарды издөө" эл аралык уюмунун  өкүлчүлүгүнүн техникалык колдоосу менен  Нарын шаарында конфессиялар аралык диалогду бекемдөө максатында диний уюмдардын жолугушуусун уюштурду.

Иш-чаранын максаты - диндер аралык диалогду бекемдөө жана ар кандай диний конфессиялардын өкүлдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү алга жылдыруу болуп саналат. Ошондой эле, иш-чаранын программасында топтук иштерди жүргүзүү, диний маселелер боюнча презентацияларды жана сунуштарды көрсөтүү каралган.

Архив