Ош шаарында эки күндүк окутуу семинары өткөрүлүүдө

Бүгүн, 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы (КР ДИМК) Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы менен биргеликте Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы диний окуу жайлардын  мүдүрлөрүнө мамлекеттин түзүлүшү, башкаруу системасы, светтик принциби, мыйзам негиздери, радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу, Матуридий акыйдасы, Ханафий мазхабы жөнүндө эки күндүк окутуу семинары өткөрүлүүдө.   

Иш-чара КР ДИМКнын директору Т. Абдыкаров, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын  ректору А. Акматалиев, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи З. Ракиев, КР УКМК, КР ИИМдин өкүлдөрү жана Ош облусундагы казысынын катышуусунда уюштурулуп, 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруунун алкагында, республика боюнча диний кызматкерлердин жана диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнүн диний билими боюнча дареметин жогорулатуу максатында,  окутуу иштери активдүү жүргүзүлүп жатат. 

Ушундай эле окутуулар 2022-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарында өткөрүлүп, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй жана Бишкек шаарындагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрү катышышкан.

Архив