Түркия мамлекетинде жер титирөөдөн каза болгондорго багышталып, куран окутулду
Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарындагы Борбордук «Имам Сарахси» мечитинде Түркия мамлекетинде жер титирөөдөн каза болгондорго багышталып, куран окутулду. 
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров,КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, Түркиянын Кыргыз Республикасындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган, Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев, Бишкек шаарынын казысы Шакир Маматов,дин кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.
КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров Түркия мамлекетине бекем сабыр тилеп, алардын кайгысын кыргыз эли оор кабыл алганын, боордошторго жардам үчүн өлкө боюнча бирдиктүү эсеп ачылганын белгилеп өттү. 
Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ахмет Садык Доган өлкө тараптан көрсөтүлүп жаткан материалдык жана моралдык жардамдары үчүн ыраазычылык билдирип, бул оор күндөрдү биргеликте жеңип өтөөрүн билдирди.
Ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Муфтийинин орун басары Самидин кары Атабаев 
«Түркия мамлекети күчтүү эл. Түрк туугандар жыргал кезде шүгүр, сыноо келген кезде сабыр кылганды билген эл. Далай кыйынчылыкты жеңип келген эл. Кудай буюрса, бул кырсыкты да тез эле жеңип өтөт. Биз боордош Түркия жумхуриятына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Алла Таалам каргашалуу кырсыкта набыт болгондорду өз ырайымына алсын. Жарат алгандарга  шыпаа берсин. Түркия мамлекетине сабыр, күч-кубат тилейм. Алла Таалам жар болсун»- деп, көңүл айтты.
Ушундай эле куран окутуулар өлкөнүн  бардык мечиттеринде өткөрүлдү.
Архив