2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча улуттук координациялык жолугушуу

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда 2021-2026-жылдарга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын Концепциясын ишке ашыруу боюнча улуттук координациялык жолугушуу өткөрдү. 

Аталган иш-чарада диний чөйрөдө аткарылып жаткан мамлекеттик программалардын стратегиялары, жакынкы арада түзүлгөн приоритеттүү пландары жана милдеттери тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясын жана аны ишке ашырууда иш-чаралар планын аткарууда координациялоону күчөтүү.

Архив