Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы     «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик административдик кызмат орунунун кенже тобунун кадрлар резервине кирүү үчүн ачык сынак жарыялайт. 


Кенже мамлекеттик административдик кызмат орундары үчүн жалпы квалификациялык талап:

Жалпы мыйзамдар:


1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.


Билүүсү талап


- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасында дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө”, “Экстремисттик иштерге каршы аракеттенүү жөнүндө”;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары: 2012-жылдын
 23-мартындагы № 71 “Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө”; 

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү.

- Программалык зарыл продукт болгон компьютердик жана уюштуруу техникалык сабаттуулукка ээ болуу (Word, Excel, Power Point, Маалыматтык-укуктук система “ТОКТОМ Мамлекеттик Про”):

Билүү:

- электрондук каттарды алууну жана жиберүүнү;

- издөө системалары менен пайдаланууну;

- ар кандай браузерлер менен иштөөнү;

- кызматтык этика нормаларын көңүлгө алуу менен социалдык тармактарда туура өз ара аракеттенүүнү.


1Кесиптик билиминин деңгээли:

- жогорку кесиптик билими (багыты боюнча: теология, дин таануу, филология (араб тили), чыгыш таануу).

2Иш стажы жана тажрыйбасы:

- иш стажына талаптар коюлбайт.

3. Кесиптик компетенциясы:

Билими:

- Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин ишке ашыруучу конфессиялар жөнүндө.

- дүйнөлүк диндин негизи;

Аткара алуусу:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талапка жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылуулары боюнча жоопторду кароо жана даярдоо;

- командада иштөө.

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтерди папкага салып тапшыруу керек:
 — жеке арыз;

— кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен);
— өмүр баяны (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
— нотариус же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
 — илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо); 

— паспорттун көчүрмөсү.


Документтердин түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлушү керек.

Сынакка катышуу үчүн документтерди 2024-жылдын 14-мартынан 8-апрелине чейин жумуш күндөрү саат 9:00 дон - 18:00 го чейин Бишкек ш.Ч.Айтматов проспектиси, 1 с.2, 2-кабат, 204 каб. дареги боюнча тапшыруусу керек. Сурап-билүү телефону: 0312 90-03-76.



Эскертүү:
 -белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга конкурска катышууга жол берилбейт.



Архив