“Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!” республикалык форуму

2024-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасындагы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын, 2020-2030-жылдарга жаштар саясатынын Концепцияларын жана 2023-2027-жылдарга экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу максатында “Жаштар коопсуз дүйнө үчүн!” аталышында республикалык форуму уюштурулду. 

Иш-чара жаштардын критикалык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, диний негиздеги чыр-чатактардын, басмырлоонун, эрте никенин, экстремизмдин, терроризмдин жана зомбулуктун баардык түрлөрүн алдын алууга багытталган. 

Форумга Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен бирге тиешелүү докладдары менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстандын белгилүү спортчулары катышты. Катышуучуларга маалыматтык таркатма материалдар (брошюра, буклет ж.б.) берилди. 

Ушул сыяктуу форумду Кыргызстандын башка региондорунда дагы өткөрүү пландалууда.

Архив