2025-жылдын 7–9-май күндөрү Германияда Кыргызстандын дин иштери боюнча делегациясы иш сапары менен болуп, бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү. Делегация курамында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Муфтий Абдулазиз Закиров жана Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир Ракиев болду. Сапардын жүрүшүндө Германиядагы диний уюмдар, кыргыз диаспорасы жана жергиликтүү мусулмандар менен жолугушуулар өткөрүлүп, дин аралык диалог, диний билим берүү жана мигранттарга колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, делегация Берлин шаарында жашап жаткан мекендештер менен жолугушуп, Кыргыз Республикасында дин жаатында жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат, «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы Мыйзамдын мазмуну тууралуу кеңири маалыматтарды берип, жолугушуу суроо-жооп форматында өттү.
Ошондой эле делегация Ватикандын Апостолдук нунциатурасында жолугушууга катышып, өз ара урматтоо жана тынч жашоону илгерилетүү маселелерин көтөрдү. Сапардын соңунда делегация Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чараларына катышты.