Диний уюмдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана мыйзам талаптарын түшүндүрүү иштери

Бүгүн, 14-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик менен Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан Ош облусундагы диний уюмдарда жана диний окуу жайларда түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.


Иш-чаранын негизги максаты — “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын талаптарын түшүндүрүү, мамлекеттик тилдин сакталышын камсыздоо, ошондой эле диний уюмдарда мамлекеттик тилде иш жүргүзүү жана көрнөк-жарнактардын кыргыз тилинде болуусун жөнгө салуу.


Мындан тышкары, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары боюнча маалымат берилүүдө жана диний уюмдардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так аткаруусу боюнча түшүндүрмөлөр жүргүзүлүүдө.


Белгилей кетүүчү жагдай, мындай түшүндүрүү иштери Ош шаарындагы жана Ош облусундагы бардык диний уюмдарда жана диний окуу жайларда өткөрүлөт.

Архив