Ысык-Көлдө диний мыйзамдар боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өттү

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Ысык-Көл облусундагы өкүлү А. Мамбетов Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык колледждин окутуучуларына жана студенттерине түшүндүрүү иш-чарасын өткөрдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын мазмуну, колдонуудагы ченемдери жана анын иш жүзүндөгү колдонулушу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле мыйзам чегиндеги учурдагы көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашуу болду.

Иш-чарага Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү да катышты.

Жыйынтыгында суроо-жооп форматында жигердүү талкуу өтүп, иш-чара мазмундуу жана жемиштүү болду.

Архив