Ажылык-2026

2025-жылдын 9-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов Сауд Араб Падышалыгынын Жидда шаарына иш-сапары болуп өттү. Иш-сапар алкагында төрага Азамат Юсупов Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра иштери боюнча министри Тауфик ибн Фаузан ар-Рабия жана анын орун Абдул Фаттах бин Сулейман Мушат менен жолугушууларды өткөрүштү.  

Жолугушууда буга чейинки ажылык сапарларын уюштуруудагы Кыргызстандын ийгиликтерин баса белгилешип, 2026-жылы өткөрүлө турган ажылык сапарын сапаттуу уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан үчүн берилүүчү квотанын санын 7000ге чейин көбөйтүү маселелери талкууланды. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын өкүлү Замир Турсунбеков, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев да катышышты.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар 2026-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча бир катар келишимдерге кол коюшту. 


Архив