2. Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу менен кызматташтыктын жаӊы багыттары

2025-жылдын 29-январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин өкүлдөрү (мындан ары – Улуттук агенттик) жана Улуттук агенттиктин алдындагы Диний жана этностор аралык кырдаалды изилдөө борборунун (мындан ары – Изилдөө борбору) жетекчилиги менен Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун (мындан ары – ОБСЕ БДИПЧ) өкүлдөрүДелия Луиза Ницэ айым (дин тутуу же ишеним эркиндиги маселелери боюнча адис) жана Максимилиан Шейд мырза  (адам укуктары жана терроризмге каршы аракеттенүү маселелери боюнча кенже адис) менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өздөрүнүн ыйгарым укуктары жана учурдагы ишмердүүлүктөрү тууралуу маалымат алмашышып, мындан аркы кызматташуунун жаӊы багыттарын талкуулашты.

ОБСЕ БДИПЧтин өкүлдөрү иш сапардын максаттары тууралуу маалымат беришип, Кыргыз Республикасында жана аймактарда өткөрүлүп жаткан жулугушуулардын мазмуну дин тутуу жана ишеним эркиндиги, конфессиялар жана этностор аралык мамилелер жаатындагы улуттук контекстти тереңирээк түшүнүүгө, муну менен бирге диалог жүргүзүү жана мүмкүн болгон биргелешкен программалар үчүн артыкчылыктуу темаларын аныктоого багытталганын белгилешти. Ошондой эле дин тутуу жана ишеним эркиндиги маселелери коопсуздукту камсыз кылуу жана адам укуктарын коргоо тармагы менен өз ара байланышта караларын, анын ичинде радикалдашууну жана зомбулук экстремизмди алдын алууда маанилүү экендигин белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө Улуттук агенттиктин, Изилдөө борборунун өкүлдөрү билим берүү жана окуу-усулдук материалдарды өнүктүрүү, адистердин квалификациясын жогорулатуу, диний жана этностор аралык чөйрөдөгү кырдаалдарды талдоого эксперттик колдоо көрсөтүү, ошондой эле диний жана этностор аралык чөйрөлөрдө изилдөө программаларын ишке ашыруу багытында эл аралык алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу сыяктуу актуалдуу муктаждыктарды айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилөө менен биргелешип иш алып барууга кызыктар экендиктерин тастыктап, иштиктүү байланыштарды сактоого жана өз ара аракеттенүүнүн жаӊы форматтарын кароого макулдашышты.

Архив