КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору ачык сынак жарыялайт

КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын алдындагы Диний кырдаалды изилдөө борбору мамлекеттик жарандык кызматтын улук жана кенже административдик кызмат орундарына кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна жалпы квалификациялык талаптар:

  •   Билүүгө тийиш:

1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

4. Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы;

5. «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  • Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
  • Компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктылар менен иштөөнү билүүгө, анын ичинде:

- чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө; маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү; эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө; статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды анализдөө.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна жалпы квалификациялык талаптар:

  • Билүүгө тийиш:

1.  Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

  • Өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн мамлекеттик жана расмий тилдерди зарыл болгон көлөмдө билүүгө милдеттүү.
  • Компьютердик жана оргтехникага, керектүү программалык продуктылар менен иштөөнү билүүгө, анын ичинде:

- чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштөө; маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү; эсептөөлөргө байланыштуу сандык маалыматтар менен иштөө; статистикалык маалыматтарды талдоо жана натыйжалуу чечимдерди кабыл алууну колдоо үчүн маалыматтарды анализдөө.



Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын улук тобуна квалификациялык талаптар:

1. Кесиптик билим деңгээли:

- социалдык жана гуманитардык илимдер багыттары боюнча жогорку билим.

- жогорку экономикалык же финансылык билим.


2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик же муниципалдык кызматта жалпысынан 1 жылдан кем эмес стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес эмгек стажы;


3. Кесиптик компетенциялар:

Социалдык жана гуманитардык илимдер багыттары боюнча:


Маалымдуулугу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө», « Билим берүү жөнүндө », «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин: 2012-жылдын 23-мартындагы
 № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө», 2015-жылдын 3-ноябрындагы №220 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө», 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстримизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган конфессиялар боюнча;

- Дүйнөлүк диндердин негиздери. 

Ыктуулугу:

- дин чөйрөсүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө болгон мамилени талдоо, болжолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана интегралдоо;

- дин чөйрөсүндөгү ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;

- дин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, алынган маалыматты салыштырып талдоо жана жалпылоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү.                  

Жөндөмү:

- аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- структуралык бөлүмдү башкаруу (кол алдындагылардын арасында буйруктарды жана тапшырмаларды бөлүштүрүү, стратегиялык максаттарды жана башкарууну куол алдындагыларга сапаттуу жеткирүү, ыкчам даярдык, башкаруу чечимдерин кабыл алуу жана ишке ашыруу, иштөөнүн жаңы формаларын жана ыкмаларын табуу);

- натыйжалуу мамилелерди кура билүү, иштик этикети, жолугушууларды жана кеңешмелерди өткөрүүнү билүү, мамлекеттик жана расмий тилдерде эл алдында сүйлөй жана кат алышууларды жүргүзө алуу;

- жумушту пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; 

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; 

- компьютердик жана оргтехникалык керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.

Экономикалык же финансылык билим багыттары боюнча:


Маалымдуулугу:

- Кыргыз Республикасынын Салык кодекси

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө (тиешелүү жылга), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоонун тартиби жөнүндөгү” Жобосу;

- 1С программаларын жана бюджеттик эсепти билүү.


Ыктуулугу:

- тез чечим кабыл алуу жана кесепеттер үчүн жоопкерчилик тартуу;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү;

- ведомстволор менен өз ара аракеттене билүү.                 


Жөндөмү:

- мамлекеттик жана расмий тилдерде финансылык документтерди даярдоо;

- маалыматтарды талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдоно билүү;

- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу.


Административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарынын кенже тобуна квалификациялык талаптар:


1. Кесиптик билим деңгээли:

- социалдык жана гуманитардык илимдер багыттары боюнча жогорку билим.


2. Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

–  иш стажына талаптар коюлбайт.


3. Кесиптик компетенциялар:

Маалымдуулугу:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө», «Экстремисттик аракеттерге каршы аракеттенүү жөнүндө», « Билим берүү жөнүндө », «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө»;

- Кыргыз Республикасынын Президентинин: 2012-жылдын 23-мартындагы
 № 71 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жөнүндө», 2015-жылдын 3-ноябрындагы №220 «Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ишинин кээ бир маселелери жөнүндө», 2021-жылдын 30-сентябрындагы №412 «2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы»;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июнундагы №394 токтому менен бекитилген 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстримизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасы;

- Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган конфессиялар боюнча;

- Дүйнөлүк диндердин негиздери. 


Ыктуулугу:

- дин маселелери боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү, андан келип чыккан маалыматты салыштырып талдоо жана жалпылоо;

- кызыкчылыктардын кагылышына алып келген көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык тутумдарын пайдаланууну билүү;   

-   жогору турган жетекчилердин көрсөтмөлөрүн сапаттуу аткаруу;           

- документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- диний чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикада колдонуу;

- кызматтык милдеттерине ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылууларын кароо жана аларга жоопторду даярдоо;

- командада иштөөнү билүү.

Жөндөмү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

- кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу; 

- жумушту пландаштыруу жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; 

- компьютердик жана оргтехникалык керектүү программалык продуктыларды колдоно билүү.


Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документер көктөмөгө (Дело№) тиркелип, тапшырылууга тийиш:

  •  өздүк арызы; 
  • сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
  • өмүр баяны (соттуулугунун жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
  • таржымал (резюме) жарактуу электрондук почтаны, телефонду көрсөтүү менен;
  •  нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимди (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • нотариалдык же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажысы болсо);
  •  окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
  •  паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлөт).


Документтер 2024-жылдын 27-февралынан 14-мартына чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Чүй пр., 114 (309-каб.). Сурап-билүү тел.: (0312) 900 944, уюл. (0702) 011-457.

        Маалыматты Мамкызмат жана ЖӨБ боюнча агенттиктин mkk.gov.kg жана Дин комиссиясынын religion.gov.kg.сайттарынан алса болот.


Эскертүү: коюлган талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандар сынакка катышууга киргизилбейт.



Архив